БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Борбор калаада хоккей боюнча өлкө биринчилиги өтөт. Бул тууралуу аталган спорттун түрү боюнча федерациядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мелдеш 5-апрелден 8-апрелге чейин болот. Анда Нарындын "Дордой", "Кеңеш учкучтары", Ысык-Көлдүн "Чолпон-Ата" жана Бишкектин "КТЖ" командалары күч сынашат.
Чемпионаттын соңунда мыкты спортчулар өлкөнүн курама командасына тандалат.
Спорттук иш-чараны уюштурууга мамлекет тарабынан 127 миң сом бөлүнгөн.