Кадыров: кургак учук оорусун 100 пайыз айыктырса болот
Кургак учук оорусун 100 пайыз айыктырса болот. Бул тууралуу Абдулаат Кадыров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, оорулуу доктур жазып берген көрсөтмө боюнча дарыланышы керек.
"Кургак учуктан 100 пайыз айыкса болот. Бул дартка чалдыккан адам врач айткан нерселерди толук аткарып, ал жазып берген дары-дармектер менен үзгүлтүксүз дарыланышы керек", — деди Кадыров.
Ал кургак учук оорусуна чалдыкпаш үчүн активдүү кыймылда болуу керектигин кошумчалады.