00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
48 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
3 мин
Жаңылыктар
17:30
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Айчурок Зайырбекова: как психология помогает милиции в экстремальных условиях
08:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
5 мин
Күн башат
Кыргызстандыктардын санариптик сабаттуулугу кандай? – Санариптик өнүктүрүү министрлиги алдына коюлган милдеттерди кандай аткарды?
09:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Шанс стать крутым бизнесменом — беседа о работе Университета «Евразия» с вице-спикером Госдумы РФ
10:04
33 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Бишкектеги ышты өлчөгөн жабдуулар туура эмес иштейби? Ыш менен күрөшүү кандай жүрүүдө?
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Цифровизация таможни: борьба с контрабандой и снижение бюрократии
12:05
36 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
2025-жылы канча чакырым жол салынат? – инвестиция, жаңы техника, акы төлөнүүчү жол, кадр маселеси
13:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Туристтик жайларды классификациялоо системасын жаңылоо — тейлөө сапатын жакшыртабы?
15:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Пайыздык коюмдар жана инфлация
17:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Страна детей и открытой, предприимчивой молодежи — глава представительства «Россотрудничества» о Кыргызстане
18:07
36 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стимул
Мекенинде ийгиликтүү ишкерге айланган мурдагы мигрант
19:06
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Туристтик жайларды классификациялоо системасын жаңылоо — тейлөө сапатын жакшыртабы?
21:04
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Сапар Исаковду премьерликтен кетирүү кимге керек

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевВстреча Сапара Исакова с директором EASST Эммой Макленнан
Встреча Сапара Исакова с директором EASST Эммой Макленнан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күндүн жылышы Кыргызстанда жаратылышты гана ойготпостон, саясатчыларды дагы ордунан козгойт

Рабочая поездка Алмазбека Атамбаева в Баткенскую область - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев кайра саясатка келеби? Эксперттердин пикири
Ушул тапта ЖМКларда, социалдык тармактарда өкмөт башчынын кызматтан кетерин байма-бай талкуулап жатышат. Кээ бирөөлөр ТЭЦтеги аварияны айтып, Кытайдын TBEA компаниясы менен болгон кызматташууну чабал деп бааласа, айрымдар "Акылдуу шаар" боюнча сын пикирлерин айтууда.

Мындан улам Sputnik Кыргызстан агенттиги өкмөттүн отставкасы учурда канчалык зарыл жана буга кимдер кызыкдар экенин серепчилерден сураштырып көрдү.

Саясат таануучу Шерадил Бактыгуловдун пикиринде, премьер-министр болом дегендердин кезеги узун, бирок 25 жылдан бери эч кимиси эч нерсе өзгөртө албай келет. Андыктан негизги маселе азыркы өкмөт башчы кызматынан кетирүү эмес, анын ордуна ким келеринде. 

© Sputnik / Жоомарт УраимовСаясат таануучу Шерадил Бактыгулов
Независимый эксперт, политолог Шерадил Бактыгулов - Sputnik Кыргызстан
Саясат таануучу Шерадил Бактыгулов

"Исаковдун ордуна ким келиши мүмкүн? Жаңы келген өкмөт башчы экономиканы көтөрө алабы? Премьер-министр болгусу келип кезек күткөндөрдүн катары калың. Бирок 25 жыл ичинде бири дагы олуттуу өзгөртүүлөрдү киргизе алган жок. Өкмөттүн алмашуусун каалаган тараптар бир гана өздөрүнүн кызыкчылыктарын, чөнтөктөрүн ойлоп жатышат", — деди Бактыгулов.

Ал эми "Сереп" аналитикалык борборунун жетекчиси Искендер Ормон уулу жаңы идеялар менен иштей баштаган жаш командага мүмкүнчүлүк берилсе жакшы болмок деп эсептейт. 

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Сереп" аналитикалык борборунун жетекчиси Искендер Ормон уулу
Руководитель общественного фонда Кереге Искендер Ормон уулу - Sputnik Кыргызстан
"Сереп" аналитикалык борборунун жетекчиси Искендер Ормон уулу

"Көптөгөн долбоорлорду турмуш жүзүнө ашырууга эскиче көз караштар, эски муундун өкүлдөрү жол бербей жатат. Андан көрө улуулар аксакалдыгын кылып, Бакай ата болуп берсе, жаңы муун балким Манас боло алат беле деген ой жаралат. Сапар Исаков кетсе, ордуна келчүлөрдүн баары эле эски муундан болуп жатат. Бирок алар бул кызматта өз дараметин көрсөтө деле алган эмес", — деди Ормон уулу.

Ошондой эле серепчи маселени тереңирээк караганда бул жерде Сапар Исаковду кетирүү эмес, жаңы муун менен эски муундун ортосунда тиреш болуп жатканын, жөн гана кезектеги так талаш экенин баса белгиледи.

Азыркы өкмөттү ээрден шыпыруу аракеттери жаз алды менен курчуп келе жаткан саясий кырдаалды жөнгө салуу максатында болуп жатышы мүмкүн деген пикирин саясий серепчи Марс Сариев айтат. 

© Sputnik / Табылды КадырбековCаясий серепчи Марс Сариев
Политолог, эксперт по региональной безопасности Марс Сариев - Sputnik Кыргызстан
Cаясий серепчи Марс Сариев

"Азыр 1-апрель күнү мурдагы бийликтин өкүлдөрү 10 миң адам чогултуп митинг өткөрөт деген маалыматтар айтылууда. Эми бул кырдаалды кантип жөнгө салыш керек? Ал үчүн өкмөт башчысын кетирип же парламентти таратуу зарыл. Анан жаш кадрлар максатына жеткен жок, маселени чече албайт экен деп күнөө бир адамдын мойнуна илинет. Мындан соң өкмөт башчы тандап же парламент шайлоо процесси менен элди алек кылышат. Ал ортодо кызматтарга тажрыйбалуу деп эски муундун өкүлдөрүн алып келиши мүмкүн", — деп түшүндүрдү серепчи.

Сариев өкмөт башчынын ордуна ашыгып жаткан саясатчылар көп экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0