БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Sputnik эл аралык маалымат агенттиги жана радиосу жакынкы чет өлкөлөрдүн журналисттери үчүн SputnikPro билим берүү программасын баштады.
"Бүгүнкү күнгө чейин мурдагы СССРдин курамына кирген өлкөлөрдүн журналисттери менен демократиялык баалуулуктарды үгүттөп жатабыз деген шылтоо менен келген батыш агенттиктери жана фонддору гана алакада болгон. Биз эч кимге эч нерсени таңуулабайбыз. Жөн гана сиздер менен сагынышкан эски достордой кезигүүнү каалайбыз", — деди Sputnik агенттигинин башкы редактору Маргарита Симоньян.
![Sputnik эл аралык маалымат агенттиги жана радиосу жакынкы чет өлкөлөрдүн журналисттери үчүн SputnikPro билим берүү программасын баштады Sputnik эл аралык маалымат агенттиги жана радиосу жакынкы чет өлкөлөрдүн журналисттери үчүн SputnikPro билим берүү программасын баштады - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103827/20/1038272012_0:77:2000:1335_600x0_80_0_0_9ee12f36723861bc304326c9e0a9632f.jpg)
![SputnikPro — бул Россиянын ЖМКлар менен иштөө боюнча тажрыйбасы мол адистеринин презентация жана мастер- SputnikPro — бул Россиянын ЖМКлар менен иштөө боюнча тажрыйбасы мол адистеринин презентация жана мастер- - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103827/20/1038272018_0:0:1964:1234_600x0_80_0_0_bb7d842786d06213346b582edc2b3785.jpg)
![Программа заманбап мультимедиалык маалымат агенттигинде иштөөнүн стандарттарын жана технологиясын көрсөтөт Программа заманбап мультимедиалык маалымат агенттигинде иштөөнүн стандарттарын жана технологиясын көрсөтөт - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103827/19/1038271998_0:65:2946:1916_600x0_80_0_0_73b091b7a1de9a7a47aef2533def248e.jpg)
![Мастер-класстардын биринчи сессиясы — Минскиде, экинчиси — Тбилисиде өткөрүлдү Мастер-класстардын биринчи сессиясы — Минскиде, экинчиси — Тбилисиде өткөрүлдү - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103827/19/1038271975_0:0:2999:1885_600x0_80_0_0_7cf8c345d0f4f059ef190d59e4d8eea5.jpg)
![Эмкиси Ереван шаарында болмокчу. Эмкиси Ереван шаарында болмокчу. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103827/19/1038271992_0:0:3000:1885_600x0_80_0_0_705a4a062c730ff177c81ded27b6d3b2.jpg)
SputnikPro — бул Россиянын ЖМКлар менен иштөө боюнча тажрыйбасы мол адистеринин презентация жана мастер-класстары. Программа заманбап мультимедиалык маалымат агенттигинде иштөөнүн стандарттарын жана технологиясын көрсөтөт. Мастер-класстардын биринчи сессиясы — Минскиде, экинчиси — Тбилисиде өткөрүлдү. Эмкиси Ереван шаарында болмокчу.
Sputnik – ондогон өлкөдө жайгашкан мультимедиалык маалымат хабдары бар маалымат агенттиги жана радиосу. Өзүнө 32 тилден ашуун жазылган сайттарды, аналогдук жана санарип радиоберүү, мобилдик тиркеме жана социалдык тармактардагы баракчаларды камтыйт. Sputnik агенттигинин жаңылык түрмөгү күнү-түнү араб, англис, испан жана кытай тилдеринде жарык көрөт.
Sputnik Кыргызстан агенттиги 2014-жылдын декабрь айынан тарта иштеп баштаган. Агенттиктин ошондой эле радиосу жана заманбап технология менен жабдылган маалымат борбору иштейт.