БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктаганын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Жээнбеков Нооруз майрамы эгемендүү Кыргызстан элинин ынтымагын чыңдап, биримдигин бекемдеп, жаратман эмгегинин кайтарымын арттырсын деген тилегин айткан.
"Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, Кыргызстандын көп улуттуу эли көздөгөн максатыбызга жетебиз, кийинки урпактарыбыз сыймыктангыдай – гүлдөп өнүккөн жана кубаттуу мамлекет курабыз. Нооруз майрамыбыз эгемендүү Кыргызстан элинин ынтымагын чыңдасын. Биримдигин бекемдеп, жаратман эмгегинин кайтарымын арттырсын", — деп айтылат президенттин куттуктоосунда.
Президент ошондой эле ар бир үй-бүлөгө жакшылык, бакубат жашоо, бакыт-таалай тилеген.
Нооруз майрамына карата Бишкек шаарында кандай маданий иш-чаралар уюштурулганын материалдан окуңуздар