![Фотофакт: что осталось от ресторана Нарын Фотофакт: что осталось от ресторана Нарын - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103825/90/1038259042_0:0:0:0_600x0_80_0_0_ca1a5e67aa25427c32432874dd50ced8.jpg)
Бишкектин чок ортосундагы "Нарын" рестораны түп орду менен түрттүрүлдү.
Учурда аталган жер аянтына De He Co LTD жана "Нарын" ишканалары ээлик кылат. Компания 2017-жылы октябрдын аягында имаратты түрттүрүүнү баштаган болчу.
"Бишкек башкы архитектурасы" имараттын ордуна "Хуалинь" деп аталган 20 кабаттуу мейманкана куруларын билдирген.
"Нарын" рестораны 1980-жылдары абдан белгилүү коомдук жайлардын бири болгон. Ал эми акыркы 10 жылдан бери дээрлик кароосуз калган.