Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

Жазылуу
Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет

БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү, 19-мартта өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт, тоолуу аймактарда жолдор тайгак болоорун Кыргызгидромет билдирди.

Празднование Нооруза на площади Ала-Тоо в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Ноорузда аба ырайы кандай болорун синоптиктер айтып беришти
Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

Чүй менен Баткенде 18…23 градус жылуу болсо, Талас, Ош жана Жалал-Абад облустарында күндүн табы 17…22 градуска чейин көтөрүлөт. Ысык-Көл менен Нарында 7…12 градус жылуу болушу күтүлөт.

Ал эми Бишкек, Ош шаарларында күн ачык болуп, абанын температурасы 20…23 градуска чейин жогорулайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0