Социалдык тармактарда Оштогу дүкөндө сатуучу менен согуша кеткен жаран кызына имараттын ичинен заара ушатканга уруксат бергени жөнүндө маалымат тарады. Бул тууралуу видео Youtube тармагында жарыяланды.
Буга чейин Ош облустук милициясы 4-март күнү Ош шаарындагы эмерек дүкөндөрүнүн биринде эркек киши сатуучулары менен мушташа кеткенин билдирген. Чатак чыгарган адам сатуучу анын жубайына орой мамиле жасаганын, анан ага болушуп дүкөн кызматкерин бир нече ирет уруп жибергени айтылган.
Видеодо көрүнүп турагдай, ал киши кызын шкафтын артына алып барып, бир аз убакыт жанында турат дагы, ары көздөй басып кетет. Бир аздан кийин кызы туруп, шымын көтөргөнүн көрүүгө болот.
Биринчи божомолго караганда, мушташ ал кызын дүкөндүн ичине заара ушаттырып койгондугунан чыкккан. Экинчи божомолдо алгач уруша кетишип, кийин жаран өч алуу максатында ошол кадамга барганы айтылат.
Ал эми милициядан мушташ чыгарган адам кызын заара ушакттырганы боюнча маалымат жок экенин билдиришти.