Айрым көчөлөрдөгү чалчыктан машина эмес, жөө адам өтө албайт.
Sputnik Кыргызстан агенттиги борбор калаадагы жана жаңы конуштарда баткагы эзилген жолдорго бийлик дагы тийиштүү деңгээлде көңүл бурсун деген максат менен аларды сүрөткө тартты. Сүрөт түрмөгүнө сулуулар дагы катышты.
Ал эми маршруттук таксилер ылай көчөдөн тыгылып калбаш үчүн башка жерге барып токтоого аргасыз. Ушундай эле абал "Ак-Өргө", "Жал" сыяктуу бир катар жаңы конуштарда бар.
Жаан жаңы конуштун тургундарынын айласын кетирбестен, борбор калаанын тургундарын да тынчсыздандырууда. Мисалы Турусбеков менен Москва көчөлөрүнүн кесилишинде чоң көлчүк пайда болуп, ары-бери жөө каттагандарга ыңгайсыздык жаратууда.
Шаар тургундары мэрия бак кыйгандан мурда жолдорду оңдоо менен алектенсе болмок деген пикирлерин айтышууда.