БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. UFC уюмунун эң жеңил салмактагы чемпиону Никко Монтана кыска убакыт аралыгында октагонго кайтып келип, чемпиондук курун Валентина Шевченко менен беттешип коргой турганын билдирди. Бул тууралуу BJPenn.com аралаш мушташ боюнча маалымат порталы жазып чыкты.
Белгилей кетсек, кыргызстандык мушкер бразилиялык Присцила Кечоейраны жеңгенден кийин эле алган жаракатынан улам дарыланып жүргөн Никко Монтананы рингге чакырган.
Ал ошондой эле октагонго кайта турган күндүн датасы рентген анализдеринин жыйынтыгына жараша белгилүү болорун кошумчалаган.
"Шевченко мен даяр болгуча күтө алса эмнеге кармашууга болбосун. Мен анын фанаты болгом жана боло берем, бирок бул нерсе беттешке эч кандай таасир этпейт", — деп Монтана белгилеген.
Буга чейин UFC уюмунун президенти Дана Уайт эки мушкердин беттешине аз калганын билдирген болчу.