БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. "Баткен" бажысынын контрабандага каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан ЕАЭБдин бажы аймагына мыйзамсыз ташып келинген 10 тоннадан ашык картошка алынды. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти.
Бажычылар тарабынан Баткен обласундагы Кызыл-Жол айылында Volvo-FH12.420 үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаа токтотулуп, текшерилген.
Анын ичинен Тажикстанда өндүрүлгөн 11 025 килограмм картошка табылган.
"Кармалган товардын жалпы суммасы 198 450 сомду түзөт. Анын тийиштүү документтери болгон эмес", — деп айтылат маалыматта.
Иш тийиштүү органдарга өткөрүлүп, келтирилген 70 437 сом өлчөмүндөгү зыян өндүрүп алынды.