Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүЖамгыр. Архив
Жамгыр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жер-жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт

БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Аптанын алгачкы күнүндө Кыргызстандын ар кайсы жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаай турганын Кыргызгидромет кабарлады.

Билдирмеде айтылгандай, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.

Чүй менен Таласта абанын температурасы 5…10 градуска чейин көтөрүлсө, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде 6…11 градус жылуу болот. Ысык-Көлдө 4…9, ал эми Нарында 2…7 градус жылуу боло турганы айтылды.

Бишкек менен Ош шаарларында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын температурасы борбор калаада 8…10, ал эми Ошто 9…11 градус нөлдөн жогору болушу ыктымал.

Жаңылыктар түрмөгү
0