БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Ош мамлекеттик университети компьютер, принтер, иш техникасы жана принтер үчүн материалдарды сатып алуу үчүн тендер жарыялады.
Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланган маалыматка караганда, окуу жай жогоруда аталган техникаларды сатып алуу үчүн 2 миллион 416 миң 456 сом сарптоого даяр.
Тендер 6-мартта жарыяланып, мөөнөтү 13-мартта аяктайт.