БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. "Манас" эл аралык аэропорту "Тамчы" аба бекетине санариптик видео көзөмөл жабдыктарын сатып алуу максатында тендер жарыялады.
Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланган маалыматка караганда, аэропорт жабдыктар үчүн 1 миллион 4 миң 400 сом сарптоого даяр.
Тендер 5-мартта жарыяланып, 26-мартта аяктайт.