Кыргыз балбандары 8 медалга — бир алтын, үч күмүш жана төрт колого ээ болуп, командалык эсепте 157 упай алып келген. Казакстан 156 упай менен экинчи, 148 упай менен Өзбекстан үчүнчү орунду ээледи.
Грек-рим күрөшү боюнча байге алган балбандардын тизмеси:
Акжол Махмудов (72 кг) — алтын;
Жоламан Шаршенбеков (55 кг), Урмат Аматов (63 кг), Атабек Азисбеков (82 кг) — күмүш;
Азат Бейшебеков (87 кг), Мурат Рамонов (130 кг), Каныбек Жолчубеков (60 кг), Үзүр Жусупбеков (97 кг) — коло;
Алтын байге ээси Акжол Махмудов Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине маек берип, спорттогу жолу, үй-бүлөсү жана алдыдагы пландары тууралуу айтып берген.