Ормонов: Бишкекке Жусуп Мамайдын эстелигин эртерээк тургузуу керек
Бишкекке Жусуп Мамайдын эстелигин эртерээк тургузуу керек. Бул тууралуу депутат Улукбек Ормонов парламентте сүйлөп жатып билдирди.
Анын айтымында, Кыргыз эл баатырын эскерүүгө Кыргызстанда тиешелүү көңүл бурулбай жатат.
"Кытайда улуу манасчы, Кыргыз эл баатыры Жусуп Мамайдын жүз жылдыгын чоң салтанат менен өткөрөлү деп камынып жатышат. Бизде болсо эскерүүгө жакшы көңүл бурулбай жатат. Ушул залкар инсандын айкелин Бишкек шаарына тургузуп, бир көчөгө атын берүү демилгеси көтөрүлдү эле. Бирок маселе чечилбей жатат. Өкмөттүк деңгээлде карашыбыз керек", — деди Ормонов.
Эл өкүлү маселени үч ай ичинде чечүү керектигин кошумчалады.