Билими:
1992-1993 — Далдалчылык жогорку мектебине биржалык далдалчы адистиги боюнча билим алган;
1992-1997 — Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин бухгалтердик эсеп, финансы жана кредит адистиги боюнча аяктаган;
2012-2015 — Чүй университети, муниципалдык башкаруу адистиги;
Эмгек жолу:
1998-2004 — "Булгаары" кыргыз-казак-америкалык ишканасында булгаары сырьёсун даярдоочу;
2005-2007 — "Эннио" ЖЧКсында башкы директор;
2007-2009 — "Монгол" ЖЧКсында башкы директор;
2009-2012 — "Finance F" ЖЧКсында PR жана тышкы экономикалык бөлүмүнүн директору;
2012-2013 — "Россиялык өндүрүүчүлөрүнүн холдинги" ЖЧКнын түзүүчүсү.
2008-2012 — Бишкек шаардык кеңешинин депутаты, Бишкек шаардык Кеңешинин бюджет жана финансы боюнча комиссиянын орун басары;
2015 — Жогорку Кеңештин VI чакырылышында "Республика- Ата Журт" партиясынан депутат болуп келген.
Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.