00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
17:04
40 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
3 мин
Будь в курсе
Как улучшение породы скота помогает фермерам зарабатывать больше
08:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Кыргызстандын аскердик билим берүү системасы: бүгүнкү абал жана өнүгүү багыттары
09:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
4 мин
Тема дня
Что изменится в правилах изъятия земель и какие права получат собственники - объясняет юрист
10:05
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБде өнөр жайды колдоо: Кыргызстандын компаниясы каржылык субсидия алды
11:04
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
12 жылдык билим берүү системасы - окуу китептерин басуу иши кандай жүрүүдө?
11:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Туризмди өнүктүрүү фонду кандай ири долбоорлорду ишке ашырууда — тоо-лыжа кластери, иневстициянын агымы, майс-туризм
13:05
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Аркар жана тоо текелерине көз салуу — көз карандысыз эл аралык мониторингдин мааниси
15:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Узак жашоонун сыры — узак жана дени сак жашоо үчүн эмне кылуу керек?
17:04
54 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
"Аман" — миграциянын жашоого таасири жана үй-бүлөнүн мааниси
19:06
36 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Аркар жана тоо текелерине көз салуу — көз карандысыз эл аралык мониторингдин мааниси
21:04
44 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

"Ак аюну" жеңген Проценко: Тилек Жээнбековго дагы өз ыкмамды колдоном

© Sputnik / Табылды КадырбековТурнир JFC MMA 3 по боям без правил в Бишкеке
Турнир JFC MMA 3 по боям без правил в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Былтыр, 9-декабрда, кыргызстандык JFC лигасынын турниринде украиналык мушкер Юрий Проценко "Ак аюу" каймана аты менен белгилүү Мыктыбек Мамасалиевди муунтуу ыкмасы менен жеңген.

Көп өтпөй дагы бир кыргызстандык мушкер Тилек Жээнбеков украиналык Проценкону беттешке чакырган. Эми мушкерлер 6-мартта WEF Global 11 турниринин алкагында жолугат.

21 жаштагы Проценко маанилүү таймашка кызуу даярданып жаткандыгына карабай интернет аркылуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине маек берип, спорттогу жолу, бала чагы, Жээнбеков менен боло турчу беттеши тууралуу оюн айтып берди. 

Спортко болгон кызыгуу

Юрий бала чагынан эле турмуштун оош-кыйышын көргөн. 8 жашынан тарта базарда жүк түшүрүп иштеп, мектептеги окуусун калтырып койгон учуру көп болгон. Ошол кезде эркин күрөш менен машыккан эжеси инисин да кошо спортко алып келет. Юрий башында эркин күрөш менен алектенип жүрүп, кийин Украинада популярдуу спорттун түрүнө айланган панкратионго өтүп, эрежесиз уруш мушкери катары калыптанган.

Кан менен зулумдукту жактырат

Кыргызстанский боец ММА в тяжелом весе Тилек Жээнбеков - Sputnik Кыргызстан
ММА мушкери Жээнбеков: атаандаш таппай кыйналып келем
Эрежесиз урушту тандап алгандыгынын себеби бул спорттун түрү кан жыттанып, зулумдук үстөмдүк кылат. Ал маегинде "мага кан жана зомбулук жагат. Ушунун баары ММАде бар. Албетте, чеги менен. Мен ушуну менен акча табам, ырахат да алам" деп айтканы бар. Мушташтан тапканы жакшы батир, автоунаа сатып алууга жете турганын кошумчалады. Убагында эки баласын жалгыз тарбиялаган энеси мындай максаттарга жете албай калганын белгилеп өттү.

Далай мушкерди жер караткан "муунтуу" ыкмасы тууралуу

Дүйнөдөгү бардык спортчулардын рейтингин аныктаган Sherdog порталынын маалыматы боюнча профессионалдар арасында 18 беттеш өткөрүп, анын 14дө утуп, үчөөсүндө жеңилип, бир жолу тең чыккан.

Проценко беттештеринин көбүн муунтуу ыкмасы менен жеңгенин көрүүгө болот. Көбү ушул ыкма "Юрийдики" деп айтышат. Бирок өзү аны катардагы ыкма катары эле көрөт. "Машыгуу учурунда грэпплинг менен көбүрөөк иштейм. Муунтканды 5-6 беттеш өткөргөндөн кийин так үйрөндүм. Бул мага көбүрөөк майнабын берет. Бирок муунткан менин өзгөчөлүгүм деп айтпайм" деди Проценко. Юрий мындан ары токтолбостон башка ыкмаларды да үйрөнүүнү максат кылганын белгиледи. 

© Sputnik / Табылды КадырбековJFC-2017 турниринин чемпиондук курун тагынган украиналык мушкер Юрий Проценко жана машыктыруучусу Анотолий Козырев
Турнир JFC MMA 3 по боям без правил в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
JFC-2017 турниринин чемпиондук курун тагынган украиналык мушкер Юрий Проценко жана машыктыруучусу Анотолий Козырев

Мыктыбек Мамасалиев мушкер катары мыкты!

Украиналык мушкер Ак аюу Мамасалиевди муунтуп салды. Беттештин видеосу - Sputnik Кыргызстан
Украиналык мушкер "Ак аюу" Мамасалиевди муунтуп салды. Беттештин видеосу
Былтыр, 9-декабрда, JFC турниринде Проценко кыргызстандык Мыктыбек Мамасалиев менен чемпиондук кур үчүн беттешип, аны экинчи раундда муунтуу ыкмасы менен утуп алган.

Проценконун айтымында, беттеш жогорку деңгээлде өткөн. Кармашта Мамасалиевдин соккуларына араң туруштук бергенин белгилеп, анын мушкер катары мыкты экендигин айтты. "Турнир өз мекениңде өтүп жатканда башкача сезимде болосуң. Утсаң, албетте, жакшы. Эгер жеңилип калсаң, оор тиет. Анткени баарынын ишенимин актоо оор" дейт спортчу. Ошондой эле Мамасалиевдин Кыргызстанда күйөрмандары көп экендигин кошумчалады.

Тилек Жээнбеков менен боло турчу беттеши тууралуу

Оор салмактагы кыргызстандык мушкер Тилек Жээнбеков украиналык Проценкону 6-мартта өтө турган WEF Global 11 турниринин алкагында беттешүүгө чакырган болчу.

Ак аюу каймана аты менен белгилүү болгон кыргызстандык ММА спортчусу Мыктыбек Мамасалиев - Sputnik Кыргызстан
"Ак аюу" Мамасалиев: атаандаштарды эки мүнөттө нокаутка жөнөтөм
Проценко беттеш кандай болорун алдын ала айта албайт. Бардыгы спортчулардын даярдыгынан көз каранды дейт. "Кармашта биз күтпөгөн көрүнүштөр болуп кетиши ыктымал. Беттеш учурундагы тактикам мурун кандай болсо ошол боюнча эле калат. Эң башкысы — таамай соккудан алыс болгонго аракет кылам".

Спорт сүйүүчүлөр Юрий Проценкону күрөштө эмес, бокстун ыкмасы менен жеңүү оңой деп айтып келишет. Ал гана эмес, дүйнөдөгү бардык спортчулардын рейтингин аныктаган Sherdog порталынын маалыматы боюнча Проценко 18 беттеште үч гана жолу утулса, ошонун экөөсүндө техникалык нокаут менен жеңилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0