БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Интернетте Samsung Galaxy S9 жана S9+ смартфондорунун алды жагынан тартылган сүрөтү чыкты. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Жаңы гаджеттин дизайны мурдагысынан көп деле айырмаланбайт. Портал Galaxy S9 смартфонунун 5,8 дюймдук дисплейи бар экени, төрт жана 64 ГБ көлөмдөгү маалыматтарды сактоо жөндөмү бар экени айтылат. Ал эми S9+ 6,2- дюйм экрандуу, ага алты жана 128 ГБ көлөмүндө материалдар батат. 12 мегапикселдик камера секундасына 480 кадр тарта алат.
Эки гаджеттин тең адамды жүзүнөн таануу мүмкүнчүлүгү мыкты экендиги айтылууда.
Жаңы смартфондордун бет ачарын 25-февралда өткөрүү пландалууда.