Хорсбол — Франциядан чыккан спорт түрү. Регби менен баскетболдун элементтерин камтыган бул оюнду ат үстүндө ойношот. Шарт боюнча атаандаштын жерден үч метр бийиктикке онотулган темир алкагына болушунча көбүрөөк топ салуу керек.
Ар бир командада төрттөн киши болуп, он мүнөттөн турган эки бөлүктө ат салышат.
Мелдеш Кыргызстанда экинчи жолу өтүп жатат. Алгачкысы былтыр февраль айында болгон.
Бул жолку оюндарга Токтогул районунан беш команда жана Франциядан келген коноктор катышты.
Турнирдин жеңүүчүсү деп табылган "Биримдик" командасы супер финалда француздар менен беттешип, аларды 4:3 эсебинде утуп алды.
© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Токтогул районунда бул чемпионат экинчи ирет өтүп жатат

Токтогул районунда бул чемпионат экинчи ирет өтүп жатат
© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Оюнчулар бейшемби күнү күч сынашты

Оюнчулар бейшемби күнү күч сынашты
© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Хорсбол — Франциядан чыккан спорт түрү. Регби менен баскетболдун элементтерин камтыган

Хорсбол — Франциядан чыккан спорт түрү. Регби менен баскетболдун элементтерин камтыган
© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Оюнду ат үстүндө ойношот

Оюнду ат үстүндө ойношот
© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Хорсбол көк бөрүгө окшош. Болгону тай казандын ордуна темир алкак, улактын ордуна топту колдонушат

Хорсбол көк бөрүгө окшош. Болгону тай казандын ордуна темир алкак, улактын ордуна топту колдонушат
© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Оюндун калысы — Франциядан келген конок

Оюндун калысы — Франциядан келген конок
© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Быйыл Токтогулдун беш командасы менен Франциянын бир командачы күч сынашты

Быйыл Токтогулдун беш командасы менен Франциянын бир командачы күч сынашты
© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Ызгаардуу суукка карабай ат жалында ойногон спортчулар

Ызгаардуу суукка карабай ат жалында ойногон спортчулар
© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Улактын ордуна топ кармаган токтогулдук жигит

Улактын ордуна топ кармаган токтогулдук жигит
© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Жергиликтүү команда тез-тезден машыгып турат

Жергиликтүү команда тез-тезден машыгып турат
© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Оюнга берилген күлүктөр

Оюнга берилген күлүктөр
© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Топту кармоого ыңгайлуу болушу үчүн атайын кармоочу бар

Топту кармоого ыңгайлуу болушу үчүн атайын кармоочу бар
© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Турнирдин жеңүүчүсү деп табылган "Биримдик" командасы супер финалда француздар менен беттешти

Турнирдин жеңүүчүсү деп табылган "Биримдик" командасы супер финалда француздар менен беттешти
© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Кыргызстандык команда атаандашын 4:3 эсебинде утуп алды

Кыргызстандык команда атаандашын 4:3 эсебинде утуп алды
© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Жеңүүчүлөр акчалай сыйлыкка ээ болушту

Жеңүүчүлөр акчалай сыйлыкка ээ болушту