Ишембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жетет

БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Ишемби күнү Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде бир аз кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Чүй, Талас өрөөндөрүндө —12…-17 градус суук болору айтылды. Чүй облусунун түндүгүндө —14…-19 градус суук болот.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө да суук өз өкүмүн жүргүзүп, күчү —2…-7 градуска жетет. Ысык-Көл ойдуңунда болсо —4…-9 градусту түзөт. Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо абанын температурасы —17…-22 градуска чейин төмөндөйт.

Бишкек шаарында кар жаабайт, бирок 18 градуска чейин суук болот. Ош шаарында болсо 4 градус нөлдөн төмөн болушу божомолдонууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0