БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Сүрөтчү АКШлык колуктуну үлпөт той алдындагы сүрөтүндө 15 килограммга "арыктатып" коюп, кардарын таарынтып алды. Бул тууралуу Independent басылмасы жазды.
A bride-to-be claims she and her fiance got a lot more from their wedding photographer than they have bargained for. And not in a good way, either. Everything started when Katie Liepold turned to Facebook to hire a photographer for her May wedding. After… https://t.co/mO4jQZNDRd
— Cute n Country (@cutencountry) 18 января 2018 г.
Кэти Липольдун айтымында, Линда Сильвестр аттуу фотограф аларды сүрөткө тартуу процесси абдан жакшы өткөн. Бирок даяр сүрөттөрдү көргөндө, жагымсыз сезимдерге туш болгон.
"Жигитим экөөбүздү тең фотошоптун жардамы менен 15 килограммга арык кылып коюптур. Биз өзүбүздүн турпатыбыз менен жагымсыз көрүнүп атабызбы?" — деди жаш колукту.
Андан бир аз өтүп эле Линда Сильвестр өзүнүн Facebook тармагындагы баракчасына семиз түгөйлөрдү сүрөткө тартам деп кыйналганын жазган.
Кийин аны интернет колдонуучулар адамдын келбетине жана тулку боюна сын таккандыгы үчүн жемелешкен.