Бул жумада Бишкек шаарынын супермаркеттеринде пияз 3 сомго кымбаттаса, картошка 3 сомго арзандаган. Ал эми базарларда помидор 30 сомго арзандаган.
Калган азык-түлүктүн баасы дээрлик өзгөргөн эмес.
Калк үчүн биринчи кезекте керек болгон азык-түлүктүн баасы бир жылда кандай өзгөргөнүн инфографикадан тапсаңыз болот.