UFC жылдызы Хабиб Нурмагомедов Бишкекке келет

© AP Photo / Andre PennerЧемпионат UFC Ultimate Fighting в Сан-Паулу
Чемпионат UFC Ultimate Fighting в Сан-Паулу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мушкердин кыргызстандык күйөрмандар менен жолушуусу күтүлүп жатат

БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Кыргызстанга Россиядан UFC көзүрү Хабиб Нурмагомедов келе турганын Sputnik Кыргызстан агенттигине Улуттук олимпиада комитетинин (УОК) башкы катчысы Саламат Эргешов билдирди.

Бой Валентины Шевченко и Холли Холм на UFC on FOX 20 в Чикаго - Sputnik Кыргызстан
Шевченко колдонгон ыкма 2017-жылдагы UFC рейтингинин бештигине кирди
Спортчу Бишкекке 24-январда УОК президенти Шаршенбек Абдыкеримовдун чакыруусу менен келмекчи.

Сапарынын алкагында Нурмагомедов күйөрмандары жана ЖМК өкүлдөрү менен жолугат.

Хабиб Нурмагомедов — UFC уюмунун жеңил салмактагы мушкери. Аталган уюмдун рейтингинде мыкты 30 мушкердин катарында турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0