БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Убагында Стивен Сигал роль жараткан тасманын массовкасына катышкан америкалык Регина Симмонс 20 жыл мурда голливуд жылдызы ага асылып, зордуктаганын жар салды. Бул тууралуу РИА Новости Wrap басылмасына шилтеме берип жазды.
Симмонс актер аны Беверли-Хилздеги үйндө өтө турган кечеге чакырганын билдирген. Бирок ал барганда эч кандай кече уюшулбаганын жана ал жалгыз конок экенин түшүнгөн.
"Ал мени өзүнүн бөлмөсүнө киргизип алып өпкүлөп кирди" деген аял, Сигал аны зордуктап салганын билдирген.
Басылманын жазганы боюнча Симмонстон башка ондон ашык аял Сигалга карата арызданган. Бирок актриса зордукталганын биринчилерден болуп жар салды.
Буга чейин америкалык теле алып баруучу Эллен Дедженеристин жубайы Порша де Росси дагы актер жана продюсер Стивен Сигал ага асылганын айтып чыккан.