БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Toyota Mark X үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Ош базары тараптан эки кызды унаасы менен коюп кетти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине күбө WhatsApp каналы аркылуу билдирди.
Окуя шейшемби күнү саат 16.30дар чамасында Чүй проспектиси менен Бейшеналиев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.
"Кырсык менин көз алдымда болду. Жол чыракта жашыл түс жанып турган. Toyota Mark X үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу катуу ылдамдык менен кесилиштен өтүп баратканда, эки кыз жолго чуркап чыга калды. Айдоочу унаасын токтотууга жетишпей аларды коюп кетти. Жабыр тарткандардын бири тура калып экинчисине чуркады. Анысы шок абалында тура албай жатты", — деди маектеш.
Анын айтымында, күбөлөр жабырлануучуларды ооруканага алып жөнөшкөн. Ал эми айдоочу изин сууткан эмес. Милиция аталган окуя болгонун ырастап, тергөө иши жүрүп жатканын билдирди.