Шейшембиге карата аба ырайы

© Фото / Влад УшаковКар. Архив
Кар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет

БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Шейшемби күнү кээ бир тоолуу райондордо бир аз кар жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Ага ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

Чүй, Талас өрөөндөрүндө 4…9, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде 5…10, Ысык-Көл облусунда 0…5 градус жылуу болсо, Нарын облусунда —3…-8 градус суук болот.

Бишкек шаары менен Ошто жаан чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы 8…9 градус жылыйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0