БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Жекшемби күнү жаан-чачын күтүлбөй турганын Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматка ылайык, түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге чейин жетет.
Чүй менн Талас өрөөндөрүндө күн 1…6 градуска чейин жылыйт. Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында 2…7 градус жылуу болот. Ысык-Көлдө күн 4 градуска чейин жылыса, Нарында 9 градус суук болот.
Бишкекте 4…6, ал эми Ош калаасында 5…7 градус жылуу болору божомолдонду.