Декабрдын 30уна караган түнү Бишкек ШИИБинин мобилдик батальонунун унаасы менен эки жолтандабас кагышты. Бул тууралуу Бишкек милициясынын маалымат катчысы Адыл Оморов Sputnik Кыргыргызстан агенттигине билдирди.

Декабрдын 30уна караган түнү Бишкек ШИИБинин мобилдик батальонунун унаасы менен эки жолтандабас кагышты
© Sputnik / Расул Усеналиев
Анын айтымында, атайын унаа кармалган адамды текшертүү максатында наркологиялык борборго алып бара жаткан.
"Болжол менен түнкү саат бирлер чамасында атайын унаа наркологиялык борборго бара жаткан. Милиция унаасынын маяктары күйгүзүлүп бара жатканына карабай, Бөкөнбаев жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде ага эки жолтандабас жол бербей койгон. Жыйынтыгында экөө кагышып калды", — деди Оморов.

Атайын унаа кармалган адамды текшертүү максатында наркологиялык борборго алып бара жаткан.
© Sputnik / Расул Усеналиев
Учурда иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат. Үч унаа тең айып короого киргизилди.
ШИИБдин билдиргенине караганда, атайын унаа күйгүзүлгөн маяк менен бара жатканда жол кыймылынын башка катышуучулары ага жол бошотушу шарт.
