00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
10 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:11
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
7 мин
Между строк
Холден Колфилд: герой нашего времени или бунтарь без причины?
18:07
49 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңы жыл алдында террордук аракеттерди жасоону пландаган согушкер кармалды

© AFP / ANTHONY WALLACE Кол кишенчен адам. Архив
Кол кишенчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Колго түшкөн жаран эл аралык террордук топтун башчысынын тапшырмасы менен КМШ мамлекеттеринде жардыруу жасамак

БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. УКМК террордук аракеттерди алдын алуу боюнча жасаган иш-чаралардын жүрүшүндө Сириядагы эл аралык террордук уюмдун мүчөлөрү жаңы жыл алдында КМШ мамлекеттеринде бир нече террордук аракеттерди ишке ашыруу максатында келе жатканы боюнча маалымат алган.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин террорчулукка каршы күрөшүү бөлүмү өнөктөштөрү менен чогуу ноябрь-декабрь айларында жардыруу уюштуруу үчүн келген айрым кишилердин ким экенин аныктаган.

"27-декабрда өнөктөш атайын кызматтар менен шектүү катары КМШ мамлекеттеринин биринин жараны болгон Д.У. аттуу киши кармалган. Сурак учурунда ал террордук топтун катарында Сирия өкмөтүнүн аскерлерине каршы согушканын моюндаган. Андан сырткары террордук уюмдун лагерлеринде жардыруучу заттарды ишке ашыруу боюнча атайын машыгуудан өткөнүн айткан", — деп айтылат маалыматта.

УКМКнын билдиришинче, кармалган жаран эл аралык террордук уюмдун башчысынын тапшырмасы менен Сирия — Түркия чек арасынан өтүп, Россияны көздөй бет алган.

Учурда ыкчам-тергөө амалдары жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0