Урматтуу окурмандар, 2017-жылдын эсебинен акыркы жолу "Канчадан?" рубрикасында азык-түлүктүн баасын берип жатабыз. Жаңы жылда азык-түлүк арзан болуп, ар бир үйдүн дасторкону мол болсун.
Бул жумада Бишкектин базарлары менен супермаркеттеринде помидор 10 сомго, кой эти 30 сомго чейин кымбаттаган.
Калган азык-түлүктүн баасы дээрлик өзгөргөн эмес.
Калк үчүн биринчи кезекте керек болгон азык-түлүктүн баасы бир жылда кандай өзгөргөнүн инфографикадан тапсаңыз болот.