БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Ишемби күнү өлкө аймагында күн ачык болорун Кыргызгидромет билдирди.
Ага ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.
Чүй менен Талас өрөөндөрүндө 1…6, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде 2…7, Ысык-Көлдө 0…5 градус жылуу болсо, Нарында —1…-6 градус суук болот.
Ал эми Бишкек менен Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы 6…8 градус жылуу болот.