БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Россиянын Санкт-Петербург шаарындагы "Перекресток" дүкөнүндө болгон жардыруудан Кыргызстандын жарандары жабыркаган эмес. Бул тууралуу Россиядагы КР элчилигинен кабарлашты.
Окуя кечээ, 28-декабрда, болгон. Анын кесепетинен 9 киши жаракат алып, 50 киши коопсуз жайга чыгарылган. Дагы төрт киши медициналык жардам үчүн кайрылган.
Тергөө комитети аталган факты боюнча кылмыш ишин козгоду.