Бразилиянын Кампина-Гранди шаарында байкер мотоциклинин мотору бузулуп, токтоно албаган бойдон алдынан чыккан унаанын алдына кирип кеткен. Бул тууралуу жергиликтүү Gazette Review гезити жазды.
Жол кырсыгы видео көзөмөлгө түшүп калган.
Кадрда көрүнүп тургандай, жолдо катуу ылдамдыкта өтүп жаткан мотоциклдердин бири унаанын алдына кирип кетет. Тегеректеги адамдар жардамга чуркап келгени менен жабырлануучу машинанын алдынан өз алдынча чыгууга дарманы жетти.