БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Чүй облустук төрөт үйүндө 13 жаштагы кыз операция жолу менен көз жарганын Sputnik Кыргызстан агенттигине аталган оорукананын жетекчиси Шайыргүл Музыбердиева билдирди.
Окуучу кыз төрөтканага 22-декабрда түшүп, эртеси операция жасалган. Ушу тапта эне менен ымыркай кыздын ден соолугу жакшы экени айтылды.
Дарыгердин айтымында, өспүрүм наристесинен баш тартпай турганын билдирген. Баланын атасы тууралуу азырынча маалымат жок.