Сагынбек уулу: үч жаңы конуштун жолуна шагыл төшөлдү
"Кызыл куруучу", Кайыңды", "Ак тилек" жаңы конуштарынын жолуна шагыл төшөлдү. Бул тууралуу Нурбек Сагынбек уулу Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аталган жумуштар жергиликтүү бюджеттин эсебинен жасалган.
"Быйыл жемиштүү жылдардан болду десек болот. Шаарыбызда бир топ көчөлөр оңдолду. Алардын арасында 20-муниципалдык аймактык башкармалыгын аймагында 14 көчө жасалды. Мындан сырткары, "Кызыл куруучу", Кайыңды" жана "Ак тилек" жаңы конуштарынын жолуна шагыл төшөө жумуштары аткарылды", — деди Сагынбек уулу.
Ал жолдорду оңдоо иштери кийинки жылы да улантыларын кошумчалады.