БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Ысык-Ата районунда турак үйдөн өрт чыгып, батирдин ичинен адамдын сөөгү табылган. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, кырсык бүгүн эртең менен саат жетилерде Ысык-Ата районундагы Кировка айылында болгон.
Куткаруучулар саат 07:45те кырсык болгон жерге барып, саат 07:50дө өрт толук өчүрүлгөн.
Учурда маркумдун аты-жөнү такталууда.