БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. АКШда катуу ылдамдык менен жүргөн поезд рельстен чыгып кетип унаа жолго кулап түштү. Бул туурасында РИА Новости жазып чыкты.
Кырсык Вашингтон штатында болгону айтылат. Пьерс округунун укук коргоо органдары билдиргендей, кулаган вагондор автоунааларды басып калган.
“Унаалардын ичиндеги бир нече адам жаракат алган. Каза болгондор жок”, — деп айтылат билдирүүдө.
JUST-IN: Injuries & casualties reported, exact numbers to be revealed soon – police https://t.co/jgFRfzaHQz pic.twitter.com/xxhfJznI4T
— RT (@RT_com) 18 декабря 2017 г.
Поездди тескеген компания кырсыка кабылган поезд алгачкы ирет дүйшөмбүнүн таңында Сиэтл — Портленд каттамы менен жолго чыкканын айткан.