БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Шейшемби күнү өлкө аймагында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Ага ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.
Чүй өрөөнү жана Нарында 3 градус сууктан, 2 градуска чейин жылыйт. Таласта 0…5, Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Ысык-Көлдө 1…6 градус жылуу болот.
Борбор калаада 2 градус нөлдөн төмөн болсо, Ошто 1…3 градус жылуу болушу күтүлөт.