БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Борбор калаада Torbaaz деп аталган Индиянын боевик тасмасы тартыла баштаганын Times of India басылмасы билдирди.
Аталган тасманын Бишкекте тартыла баштаганын фильмдин продюсери Рауль Миттра да өзүнүн Twitter баракчасына жазган.
Enjoying minus 10 degrees in the beautiful city of Bishkek. Torbaaz shoot begins tomorrow!! pic.twitter.com/GFm55NsHPq
— rahul mittra (@rahulmittra13) 16 декабря 2017 г.
"10 градус суукта Бишкек деген кооз шаарда рахаттанып жатабыз. Эртеңден баштап Torbaaz тасмасын тартуу башталат", — деп фильмдин продюсери Twitter баракчасына жазган.
Тасмада согуш жүрүп жаткан аймактан балдарды куткарган бейөкмөт уюмда иштеген кыздын жашоосу тууралуу айтылат. Башкы ролду Болливуд актрисасы жана модель Наргис Факхри менен хинди тилиндеги тасмаларга тартылып жүргөн белгилүү актер Санджай Датт ойнойт.
Басылманын билдирүүсүнө ылайык, көркөм тасманын премьерасы кийинки жылдын февраль айында болот.