БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Полковник Жеңишбек Исаков КРдин мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалганын аталган ведомствонун маалымат катчылыгынан билдиришти.
Билдирмеге караганда, мындай жарлыкка өкмөт башчысы Спара Исаков кол койгон.
Исаков буга чейин Кыргыз-орус өнүгүү фондунда эмгектенген.