Сыдыков: өлкөнүн төрт бурчунан келген манасчылар өнөрлөрүн тартуулашат
Өлкөнүн төрт бурчунан келген манасчылар өнөрлөрүн тартуулашат. Бул тууралуу белгилүү манасчы Дөөлөт Сыдыков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Эске сала кетсек, Бишкек шаарында 7 күндүк Манас айтуу болуп жатат.
"Жети күндүк Манас айтууга жалпы республика боюнча манасчылар чогулуган. Буга чейин иш-чараны башка жерлерде уюштуруп келсек, быйыл "Манас айылында" өткөрүп жатабыз. Быйылкы болуп жаткан саамалыктын өзгөчөлүгү ушунда. Манас айтуунун арты менен кароосуз калган комплекске көңүл бурулуп калаар деп үмүттөнүп жатабыз", — деди Сыдыков.