Жээнбеков Россиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Ошондой эле өлкөнүн премьер-министри Дмитрий Медведев менен жолугат.
Тараптар кыргыз-орус кызматташтыгынын келечегин жана Евразиялык аймактагы интеграциялык биригүүнүн алкагындагы эки тараптуу мамилелерди талкуулашат.
Андан кийин Жээнбеков жумушчу сапары менен Белоруссияга барып, ЖККУнун кезектеги жыйынына катышат.