БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Ноябрдын акыркы күнү жана декабрдын башында Бишкек менен Токмок шаарларынын бир катар аймактарында жаратылыш газы болбойт. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" ишканасынан билдиришти.
Ага ылайык, Бишкек шаарында:
30-ноябрь — Баялинов, Профессор Зима, Кудрука, Журнальный көчөлөрү;
30-ноябрдан 1-декабрга чейин Ахунбаев, Островский көчөлөрүнүн бир нече бөлүктөрүндө, Баку менен Аэродром №6-12 туюк көчөлөрү;
4-15-декабрь — Красный строитель", "Керамическая" конуштары, Төмөнкү Ала-Арча аймагына көгүлтүр от берилбейт.
Токмок шаарында:
1-8-декабрь — ЗАО "Токмок Буллс" ЖАК менен "Казгрейн" ЖЧКсында газ болбойт.