БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Дүйнөнүн 184 мамлекетинин 15 миңден ашуун окумуштуусу планетанын жашоосуна эң чоң коркунуч жараткан көрүнүштөр жарыяланган ачык катка кол коюшту.
Алардын бири немец климатологу Штефан Рамсторф Sputnik Германия агенттигине маек берип, дүйнөлүк океандын көтөрүлүшү жана чоң кырсыктар боюнча кеп кылды.
"Учурда көмүр кычкыл газы көп болүнүп жаткандыктан, климат өзгөрүп, күн ысып баратат. Эгер муну токтотпосок, жаратылышта чоң кырсыктар болот. Бардыгын алдын ала билип туруп, болбой эле коркунучту көздөй бара жатканыбыз акылга сыйгыс нерсе", — деди окумуштуу.
Ошондой эле дүйнөлүк океандын деңгээли барган сайын көтөрүлүп келе жаткандыктан, алыскы келечекте анын жээгиндеги мамлекеттер жана шаарлар суу алдында калары айтылды.
Эки жыл мурда Климат тууралуу Париж келишимине 192 мамлекет кол койгон.