БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү өлкө аймагында жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматка караганда, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Чүй жана Талас өрөөндөрүндө 5…10, Ош менен Жалал-Абадда 8…13, Баткенде 7…12, Ысык-Көлдө 0…5, Нарында —2…3 градус жылуу болот.
Бишкек шаарында абанын температурасы 7…9 градуска жетет. Ал эми Ошто күн ачык болуп 9…11 градус жылуу болушу күтүлөт.