Касенов: ар бир айда экиден ишкана ачып жатабыз
Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду бир айда экиден ишкана ачып жатат. Бул тууралуу Аймен Касенов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, фондун ишмердүүлүгүндө жакшы жылыштар болууда.
"Азыркы убакта фонд аркылуу 253 миллион долларга каржыланган 780 долбоор бар. Түздөн түз каржыланганы 32. Калгандары өнөктөш банктар аркылуу каржыланган", — деди Касенов.
Ал мындай аракет чоң жетишкендик экенин белгилеп өттү.