Кочкоров: эл тутунар адамды таппай калды
Эл тутунар адам таппай калды. Бул тууралуу экс-депутат Улукбек Кочкоров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, коомчулукта кайдыгерлик, ишенбестик жаралды.
"Элдин революциядан көңүлү калып, толук опатия пайда болду. Ушунчалык кайдыгерлик, ишенбестик жаралды. Качан өзүнө түз тиешеси болмоюнча кайдыгер мамиле жасашат. Саясатчыларга ишенич жок. Азыр эл тутунар адам таппай калды", — деди Кочкоров.
Мурунку депутат мындай жагдайда Өмүрбек Бабанов үчүн эл көчөгө чыкпай тургандыгын кошумчалады.