Борбор калаада ат оюндарынын сезонун жапкан мелдеш өтөт

Жазылуу
Анда чабандестер тай чабыш, жорго салыш өңдүү жарыштардын тогуз түрү боюнча ат салышат.

БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Бүгүн "Ак-Кула" ат майданында ат оюндары боюнча мелдештер өтөт. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Мелдеш 17-ноябрь күнү 11.00дөн 15.00гө чейин болот. Анда чабандестер тай чабыш, жорго салыш өңдүү жарыштардын тогуз түрү боюнча түрдүү аралыкта ат салышат.

Борбор калаадагы спорттук иш-чара ат оюндарынын сезонун жабуу максатында уюштурулууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0