Мындай болгон эмес! Леонардо да Винчи тарткан сүрөт аукциондо рекорд койду

© REUTERS / Peter Nicholls Картина Леонарда да Винчи "Спаситель мира"
Картина Леонарда да Винчи Спаситель мира - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Леонардо да Винчинин эмгеги сатыкка чыгарылган искусство чыгармаларынын арасында жаңы рекорд койду

БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Леонардо да Винчинин "Дүйнө сактоочусу" аттуу сүрөтү 450 миллион долларга сатылды. Нью-Йорк шаарында өткөн аукцион тууралуу BBC жазды

© REUTERS / Peter Nicholls Картина Леонарда да Винчи "Спаситель мира"
Картина Леонарда да Винчи Спаситель мира - Sputnik Кыргызстан
Картина Леонарда да Винчи "Спаситель мира"

Американская актриса, певица, модель Мэрилин Монро (Норма Джин Бейкер Мортенсон) - Sputnik Кыргызстан
Мэрилин Монронун жылаңач сүрөтү аукционго коюлат
Буга чейинки рекорд Пабло Пикассонун "Алжирдик аялдар" аттуу сүрөтү болчу. Ал эки жыл мурун Катардын мурдагы премьер-министрине 179 миллион долларга сатылган.

"Дүйнө сактоочусунун" жаңы ээси сүрөттү телефон аркылуу сатып алып, атын ачыкка чыгаргысы келген эмес. Ал баштапкы баасы 100 миллион доллар болгон чыгарманы 20 мүнөт соодалашкан.

Леонардо да Винчинин 20га жакын эмгегинин сакталып калгандыгы айтылат. Алардын арасынан бир гана "Дүйнө сактоочусу" жеке коллекцияда болгон.

Тарыхчылар сүрөткө өз убагында Англиянын королу Карл I ээлик кылып келгенин айтышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0